Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш
кезектеги XXVI сессия
2026-жылдын 28-майындагы №11
«Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги
жер тилкени өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 12-майындагы чыг.№01-18/2921 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Манас шаарынын Б.Аттокуров көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан 2644,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин Жалал-Абад электр тармактар ишканасына көмөк чордон куруу максатында мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Манас шаарынын мэрине (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Э.Омошов) жер тилкени өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Талант у. А. |