Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин X чакырылыш
кезектеги XXVI сессия
2026-жылдын 28-майындагы №12
«Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы кезексиз XIX сессиясынын №5-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү” мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 28-майындагы чыг.№01-18/3315 сандуу катынын негизинде жана Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Д.Давляновдун баяндамасын эске алып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 2025-жылдын 20-ноябрындагы кезексиз XIX сессиясынын №5-токтомунун 1-пункту төмөнкү мазмундагы а) пунктчасы менен толукталсын:
“а) Конкурска берилүүчү баштапкы пайыздык ченеми 20% менен бекитилсин.”
2.Манас шаарынын мэрине (А.Маткаликов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Э.Омошов) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Талант у. А. |