Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-июну № 23
Кара-Балта шаарында автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө жана автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйымды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
«Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Кара-Балта шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Балта шаарында автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйым ставкасы бир унаа токтотуучу жай үчүн эсептик көрсөткүчтүн 20 пайыз өлчөмүндө бекитилсин.
2. “Автотранспорт каражаттарын токтотуу үчүн жыйымды эсептөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо” тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кара-Балта шаарынын мэриясы:
- Кара-Балта шаарынын бюджетине унаа токтотуучу жайдын акысынын толук түшүүсү камсыз кылынсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго тапшырылсын.
___________________
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара – Балта ш. мэриясына, МСжМБга, ДСУ, КР ЮМга.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |