АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги
I сессиясынын
2026-жылдын 18-февралындагы №1/2
Айры-Там айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражатынын калдыгын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- 39- беренелерин жетекчиликке алып, Айры-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралында өткөрүлгөн отурумунун корутундусунун негизинде, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айры-Там айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин калдыгы 2039,100(эки миллион отуз тогуз миң бир жүз)сом деп бекитилсин.
- Айры-Там айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы атайын каражатынын калдыгы аппаратта 405,000 (төрт жүз беш миң) сом, балдар бакчасында 1032,2(бир миллион отуз эки миң эки жүз) сом, жалпы 1437,2(бир миллион төрт жүз отуз жети миң эки жүз) деп бекитилсин;
- Айра-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын калдыгын максаттуу пайдалануу жагы айыл аймагынын башчысы Г.Фарманкуловго милдеттендирилсин.
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.