Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2026-жылдын 18-февралы №1/3
“Совет-Сай айылынын атын өзгөртүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамынын 12-беренесине жана 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө”, 2025-жылдын 29-январында Айры-Там айыл аймагынын, Өзбекстан менен чек аралаш жайгашкан эски Совет-Сай айылына мезгилдин талабына ылайык жаңы ат ыйгаруу боюнча өткөрүлгөн жыйындын протоколунун негизинде Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясы токтом кылат:
1. Айры-Там айыл аймагынын Совет-Сай айылын “Манас” айылы деген аталышка өзгөртүүгө макулдук берилсин жана тиешелүү жогорку органдардын кароосуна сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айры-Там айыл аймагынын тиешелүү адистерине тапшырылсын.
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага: | М.Кулуев |