Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги
I сессиясынын
2026-жылдын 18-февралындагы №1/4
“Айры-Там айыл аймагынын “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”
Айры-Там айыл аймагынын “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишкансынын өткөн 2025-жылда жүргүзгөн ишин жетишилген ийгиликтер менен катар, финансы-экономикалык абалын жакшыртууда мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча берген отчету кабыл алынып, 2026-жылга “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын бюджетин бекитүү боюнча “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси П.Мараимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алып, депутаттардын бир добуштан колдоосу менен Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга аткарылган иши боюнча маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Айры-Там айыл аймагынын “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 1 160 500 (бир миллион бир жүз алтымыш миң беш жүз ) сом болуп бекитилсин.
3. 2026-жылга карата кабыл алынган бюджетинин аткарылышы жана максаттуу пайдалануу жагы “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси П.Мараимбековго милдеттендирилсин.
4. Жайытка кетип жаткан малдын санын дагы бир ирет тактап, көзөмөлдөө үчун пост уюштурулуп, күзөтчүнүн эмгек акысы штаттык расписаниенин негизинде төлөнсүн жана бир штаттык жайыт адисине 8 айга(сезонный) эмгек акы берилсин.
5. Кирешенин салыгын көбөйтүү жайытка чыгууга малдын 1(бир) башына төмөнкүдөй акы белгиленсин:
а) уй, жылкы, эшекке 149 сом (бир жүз кырк тогуз) 12 тыйын.
б) кой, эчкилерге 29 сом(жыйырма тогуз) 82 тыйындан жайыт
акы белгиленсин;
в) жаш бодо малдар үчүн 104(бир жүз төрт) сом 38(отуз сегиз) тыйын
6. Чекене акы 1 (бир) баш бодо мал, жылкы үчүн жайыттын алыс жакындыгын эске алып, 800 (сегиз жүз) сомдон, кой эчкилерге 150 (жүз эүү миң)сомдон сомго чейин белгиленсин.
7. Жаратылышты коргоо жана айлана чөйрөнү таза кармоо боюнча ошондой эле жайыт пайдалануучулардын түтүн (чатыр )пул алуу жагы каралсын; ар бир жашаган чатырга 800(сегиз жүз) сом өлчөмүндө “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасынын эсебине кириштелсин.
8. Эгерде жайыт пайдалануучу жайыт билетинде көрсөтүлгөн мал ашыкча болсо жана сырттан келген (башка аймактан )малдын ар бир башына эки эселенген жайыт акы алынсын .
9. Жайыт пайдалануучу башка айыл аймакка мал багып чыкса, күзгү жазгы жайыттар үчүн мал жайылган күндөн баштап, кара малга башына 35(отуз беш) сомдон майда жандыкка башына 10(он) сомдон жайыт акы алынсын.
10. Жайыт пайдалануучулар белгиленген мезгилден кеч көчүп кетсе же эрте көчүп келип, жайыт чөп, уруктары себилген жерге мал бакса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айып пул салынсын.
11. Мыйзамсыз жайытка мал алып чыккандарга, жайыт мыйзамын одоно бузгандарга, жайыт пайдалануучулар белгиленген мезгилден кеч көчүп кетсе же эрте көчүп жана жайыт акыны өз мөөнөтүндө төлөбөгөндөргө Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык айып пул салынсын жана жайыт билети берилбесин.
12. Ак-Башат айылында үлүш жерлер жайыт жерлери менен чектеш болгондуктан аталган айылдын тургундарынын үлүш жерлерине күзөтчүлөрдү уюштуруу жагы айыл башчы Жоомарт Абдыманап уулуна дайындалсын.
13. Ак-Башат айыл аймагынын жергиликтүү жашоочуларына, 2026-жылдан баштап, шарттуу малдын башына салык төлөмү киргизилсин.
14. Ветеринардык сервистердин башчылары: квартал сайын малдарды эмдөө иштери боюнча, “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасына өз убагында маалымат берилсин.
15. “Сумсар-Сай “СПАнын иш аракеттери “Айры-Там жайыт суугат сервис” муниципалдык ишканасына кошулгандыгына байланыштуу иштеген суу мураптарга эмгек акы төлөп берүү жагы сунушталган штаттык бирдиктин негизинде бекитилсин.
16. Алма-Бел, Ак-Башат айылдарынын кунарсыз жайыттарына жайыт үрөндөрү себилгендигине байланыштуу корукка алынсын, алардын көзөмөлдөө жагы айыл башчыларга жүктөлсүн.
17. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
18. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага: | М.Кулуев |