Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги
I сессиясынын
2026-жылдын 18-февралындагы №1/6
“Баланска өткөрүп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- 39- беренелеринин жетекчиликке алып, Айры-Там айыл аймагында жайгашкан Ала-Бука жалпы даарыгерлик практикалык борбору ГСВ №12ни Ала-Бука аймактык ооруканасынын базасына өткөрүп берүү жөнүндө Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фавманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айры-Там айыл аймагында жайгашкан Ала-Бука жалпы даарыгерлик практикалык борбору ГСВ №12ни Ала-Бука аймактык ооруканасынын базасына мыйзам чегинде өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн балансынан Ала-Бука аймактык ооруканасынын балансына өткөрүп берүүдө тиешелүү документтерин даярдоо жагы Айры-Там айыл өкмөтүнүн орун басары А.Уметалиевге тапшырылсын.
3. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүү жагы, Айры-Там айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер, жер, суу канал маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | М.Кулуев |