АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги
I сессиясынын
2026-жылдын 18-февралындагы №1/7
“Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, сел кесепеттерин жоюу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- 39- беренелерин жетекчиликке алып, Айры-Там айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралында өткөрүлгөн отурумунун корутундусунун негизинде, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2026-жылга Айры-Там айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен, айыл аймактардын ар түрдүү өзгөчө кырдаалдарын алдын алуу, сел кесепеттерин жоюу калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2 000 000(эки миллион) сом акча каражаты бөлүнсүн.
- Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын эффективдүү, сарамжалдуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловго, ФЭБ башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.
- Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүү жагы, Айры-Там айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн