Загрузка документа…
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 14/101
2027-2029-жылдарга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн
долбоорун бекитүү жөнүндө
Гавриловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында Гавриловка айылдык кеңешинин бюджеттик коммиссиясынын төрагасы Мамыркулов Бакытбек Мелисбекович 2027-жылга карата бюджеттин долбоорун жана 2027-2029 жылдарга бюджеттин болжолун кароо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2027-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн жана 2027-2029 жылдарга болжолунун долбоору төмөнкүдөй суммада бекитилсин.
2027-жылга 31141,1 миң сом суммада, атайын эсеп 5520,0 миң сом
2028-жылга 31527,2 миң сом суммада, атайын эсеп 5520,0 миң сом
2029-жылга 31921,2 миң сом суммада, атайын эсеп 5520,0 миң сом
2. 2027-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн жана 2027-2029 жылдарга болжолунун долбоору төмөнкүдөй суммада бекитилсин.
2027-жылга 31141,1 миң сом суммада, атайын эсеп 5520,0 миң сом
2028-жылга 31527,2 миң сом суммада, атайын эсеп 5520,0 миң сом
2029-жылга 31921,2 миң сом суммада, атайын эсеп 5520,0 миң сом
3.Бул 2027-жылга бюджеттин долбоору жана 2027-2029 жылдарга болжолу Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигине жөнөтүлсүн.
4.Ушул тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Коптелова Ольга Александровнага жүктөлсүн.
2026-жылдын 24-августундагы https://www.gavrilovka.gov.kg/ky/document_more/?id=123 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Б.М. Мамыркулов |