Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025 жылдын 5 июну №24
Ишкердик кылууга арналган имараттардын менчик ээлери - жеке жана юридикалык жактар үчүн таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 20.10.2021-жылдагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине жана «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 75, 76-беренелерине ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 07.04.2025-жылдагы №01.1-6/51 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаарынын аймагында ишкердик кылууга арналган имараттардын менчик ээлери - жеке жана юридикалык жактар үчүн таштандыларды ташып чыгаруу үчүн төлөмдүн ставкасы бир кызматкерге жылына 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго тапшырылсын.
___________________
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара – Балта ш. мэриясына, МСКБга, КР ЮМга.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |