Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектүү I сессиясы
2026-жылдын 10-февралы № 1/3
Тоголок Молдо айыл аймагынын Ак-Тал айылындагы каналдарды Ак-Талаа суу башкармалыгынын жана мамлекеттин балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Тоголок Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акматовдун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү”токтомунун негизинде Тоголок Молдо айыл аймагынын, Ак-Тал айылындагы Сары-Үнкүй жана Подстанция участкасындагы ички чарбалык каналдарын, суу ресурстар кызматынын Ак-Талаа райондук суу башкармалыгынын балнасасына өткөрүп берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тоголок Молдо айылдык кеңешиинин сессиясы токтом кылат:
1. Тоголок Молдо айыл аймагынын, Ак-Тал айылындагы Сары-Үнкүй жана Подстанция участкасындагы ички чарбалык каналдары жалпы узундугу 5,0 км суу ресурстар кызматынын Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүлүп берилсин.
2. Тоголок Молдо айыл аймагынын, Ак-Тал айылындагы Сары-Үнкүй жана Подстанция участкасындагы ички чарбалык каналдары жалпы узундугу 5,0 км Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүлүп берилсин.
3. Тоголок Молдо айыл аймагынын, Ак-Тал айылындагы Сары-Үнкүй жана Подстанция участкасындагы ички чарбалык каналдарынын документтерин тактап, мамлекеттик менчикке жана Ак-Талаа райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы А. Акматовга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүкө алуу Тоголок Молдо айыл өкмөтүнун башчысы А. Акматовга тапшырылсын.
5. Ушул токтом www.toqolok-moldo.qov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
6. Каттоодон өткөрүү жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы М. Орозобековага тапшырылсын.
Төрайым | Г. Бегимкулова |