Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын II сессиясы
2026-жылдын 2-марты № 2/1
Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кара-Ой айылындагы маданият жана тарыхий эстеликтери болгон Келдибек бийдин күмбөзүн
мамлекеттик коргоого алуу жөнундө
Кыргыз Республикасынын 26-июль 1999-жылдагы “Тарыхий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” № 91 мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 15-июль 2011-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101 мыйзамынын 47-беренесинин 1-пункттунун 3-пунктчасына ылайык маданият жана тарыхий эстеликтерин коргоого алуу боюнча Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кара-Ой айылындагы Келдибек бийдин күмбөздөрү республикалык маанидеги тарыхий эстеликтерге киргизүү жана коргоого алуу максатында Тоголок-Молдо айылдык кенеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кара-Ой айылында жайгашкан кыргыздын белгилүү бийи Келдибек бийдин күбөзү Ак-Талаа райондук маданият бөлүнүнүн балансасына алынсын.
2. Токтомду аткарууга алуу архиеологиялык эстеликтин укук күбөлөндүрүүчү документтерин (мамлекеттик гос акт) бүткөрүү Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акматовга тапшырылсын.
3. Ушул токтом www.toqolok-moldo.qov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу регламент,депутаттык этика жана мандат, мызамдуулукту укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г. Бегимкулова |