Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 16-майындагы №3
“Көчөгө наам берүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндөгү мыйзамына ылайык Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн 15-май 2025-жылы №410 сандуу кайрылуусу негизинде Сайпидин Атабеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айылдык кенешинин отуз биринчи сессиясынын 29.10.2019-жылдагы берген №33 токтомунун негизинде Жаны-Жер айылынын аты жок көчөсүнө Жаны-Жер айылынын белгилүү инсандарынын бири, айыл өкмөтүндө бир нече үзүрлүү эмгеги синген атуул Сапаров Пайызбектин наамы берилген токтомдун С.Атабеков айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде чек арасы аныкталып берилсин.
2.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Жаны –Жер айылына Сапаров Пайызбектин наамы коюлган көчөнүн башталышы Эрматов Атабектин үйүнөн тартып Эгембердиев Илхамдын үйүнө чейинки аралыкта чек арасы бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
4.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |