Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 16-майындагы №5
Сайпидин Атабеков айылдык кеңешинин
Регламенти жөнүндө
Сайпидин Атабеков айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин “Жергиликтүү кенештин типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө” 2024-жылдын 30-сентябрындагы №1-25/267 буйругунун негизинде Сайпидин Атабеков айылдык кеңешинин Регламентин карап , талкуулап Сайпидин Атабеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайпидин Атабеков айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын депутаттарынын Регламенти бекитилсин. (№1 тиркеме)
2.Бул регламенттин так мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу бардык депутаттардын , туруктуу комиссияларындын милдеттери экендиги белгиленсин.
3.Регламентти Юститциядан каттоодон өткөрүү жагы Сайпидин Атабеков айылдык кенешинин катчысына тапшырылсын.
4. Токтом Сайпидин Атабеков айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |