Редакцияот 27.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Манас шаардык кеңешинин  X чакырылыш

кезектеги XXIX сессия

 

  2026-жылдын 27-августундагы №7

 

«Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү жөнүндө»

 

Манас шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 18-августундагы чыг.№01-18/5669 сандуу каты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясынын 21.08.2026-жылдагы отурумунда каралып, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XXIX сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Манас шаарындагы Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын К.Кыдыров көчөсүнөн тартып канал бойлоп Багыш айыл аймагына чейин узундугу 4400 метр болгон жол тилкесинин жерин “Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун айланып өтүүчү айланма автоунаа жолунун курулуш иштери толук аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Манас шаарынын мэрине (У.Исмаилов), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкени өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жерди пайдалануу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5.Ушул токтом Манас шаарынын www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

  

Талант уулу А.