Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 16-майындагы №6
“Ардактуу атуул наамын берүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн 16.05.2025-жыл № 429 сандуу кайрылуусунун жана Ж.Турусбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин 14.05.2025-жыл №7 сандуу чогулушунун протоколун талкуулап Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С. Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу №7 Ж.Турусбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектепте окуучуларга мыкты билим берип , көп жылдан бери талыкпай эмгектенип, ийгиликтерге жетишкен мугалим Бекташова Равшанай Орозбаевна эжекеге Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн “ Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиев жүктөлсүн.
3. Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |