Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын II сессиясы
2026-жылдын 2-марты № 2/4
Тоголок -Молдо айыл өкмөтунун 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнундө
Жогорудагы маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,депутаттардын Тоголок-Молдо айылдык
Кенешинин II- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Тоголок-Молдо айыл аймагынын А.Абдраимов, С.Атамбеков, Байымбет жана Ж. Сатылганов мектептеринин окуучуларына жана мугалимдерине облустук, райондук олипиядадан 1-2-3 орундарга ээ болуп мыкты көсөткүчтөрдү көрсөткөндүгү үчүн акчалай сыйлыктар берилсин.
2. Тоголок-Молдо айыл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинен, Тоголок-Молдо айыл аймагынын Ак-Кыя айылынан үч эм төрөгөн Нурсеитова Элизат Токтоналиевнага колдоо максатында 300 (үч жүз мин) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Тоголок-Молдо айыл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинен, акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бул акча каражатынын мыйзамдуу жагын карап бөлүп берүү жагы Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысы жолдош А.Акматовга тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү кенештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик инвестиция ишкердик жана ички экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Г. Бегимкулова |