Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 16-майындагы №10
Ширин айылынын Серный участкасындагы
эс алуучу жайларында тазалыкты жолго салууга,
ар кандай коопсуздук иштердин алдын алуу жөнүндө
Мундуз айылынын тургуну Жумабаев Орозбайдын арызынын жана С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2025-жыл 16-май № 423 сандуу кайрылуусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Ширин айылынын Серный участкасындагы эс алуучу жайларында тазалыкты жолго салууга, ар кандай коопсуздук иштердин алдын алуу максатында С.Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагына пост коюп айыл өкмөтүнүн казынасына акча түшүрүү менен бирге О.Жумабаевтин тазалыкты сактоо жана башка чыгымдарга кеткен каражаттарды эске алып ар бир өткөн машинадан 50(элүү) сом-60(алтымыш) сом өлчөмүндө акча алуу менен бирге токойду, дамбаны, балык улоону, тазалыкты иретке келтирип жана тартипти ар кандай коопсуздукту көзөмөлдөө жагын толугу менен Жумабаев Орозбайга милдеттендирилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке жүктөлсүн.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |