Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
2026-жылдын 16-марты № 3/1
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
кайрак жерлер үчүн баа коюу жөнүндө
Нарын райондук мамлекеттик админстрациясынын 2026-жылдын 16-январындагы №01-18/96 катына ылайык Тоголок-Молдо айыл аймагынын Ак-Тал айылынын Жондун үстү участкасынан 1012,6 (га) жер жайыт категориясынан трансформация болуп кайрак айдоо жерлерине которулгандыктан жер аянтын өздөштүрүүдө баа коюу жөнүндө Тоголок Молдо айылдык кенеши токтом кылат:
1. Тоголок-Молдо айыл аймагынын Ак-Тал айылынын жайыт категориясынан трансформация болуп кайрак айдоо жерлерине которулган 1012,6 га жер аянтын өздөштүрүүдө 1(га) үчүн коюулган баасы 1500(бир мин беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтом www.toqolok-moldo.qov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
3. Каттоодон өткөрүү жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы М.Орозобековага тапшырылсын.
4. Бул токтомго ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын башчысы А.Акматовга тапшырылсын.
Төрайым | Г. Бегимкулова |