Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2025-жылдын 16-майындагы №11
“КР Бюджеттик Кодексинин негизинде
киреше жана чыгаша планына
өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексинин 115беренесине ылайык С.Атабеков айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-февралындагы III-сессиясынын 1-токтому менен 2025-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айыл
өкмөтүнүн СЭОП бөлүмүнүн башчысы С.Маматкулованын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап С.Атабеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жеке менчиктеги “Ынтымак” балдар бакчасынын имараты айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 16-майындагы №13-буйругунун негизинде толук түрдө айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилгендиктен жыл башынан бала бакчанын ижара акысы үчүн 1 балага 200 сомдон өлчөмүндө деп бекитилген каражат эсебинен 564,0мин сом, “Биздин-Келечек”балдар бакчасынын тарбиялануучулары 16 балага кыскартылгандыгы эсебинен 38,4мин сом жалпы 602,4мин,сом билим берүү бөлүмүнүн ижара акы төлөө беренесинен кыскартылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 130 беренесине ылайык
бюджеттин баланстуулугун сактоо менен имараттардын ижарасы эсебинен кыскартылган 602,4 миң сом акча каражаты Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115
беренесине ылайык төмөнкү бөлүмдөрдүн беренелерине жылдырылсын.
3.70111 “Башкаруу” бөлүмүнүн 2215 “Башка кызматтарды сатып алуу” беренесине
“Газета-журналдарга жазылуу” үчүн 50,0мин сомго, айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын архивдин сактоо кызматы үчүн-70,0 миң сомго, 2020-2024-жыл аралыгындагы иш-
кагаздарын китепче кылып тигүү (перелет) кызматы үчүн-130,0миң сомго
4.70111 “Балдар-бакчасы”бөлүмүнүн балдар-бакчаларынын утурумдук актап-сырдоо иштерине керектөөлөрдү сатып алууга 2222"Чарба буюмдарын сатып алуу”беренесине200,0 миң сомго:
5.70629 “Коммуналдык чарба”бөлүмүнүн 3112“Машиналар жана жабдуулар”беренесине айыл аймагын таштандылардан коргоо үчүн видео көзөмөл сатып алууга -82,4мин сомго,
“Жашыл мурас”программасына ылайык 3113 “Башка негизги каражаттар” беренесине 50,0 миң сомго жалпы 602,4сомго жылдырылсын.
6.2025-жылдын 25-февралындагы III –сессиясынын 1-токтому менен жергиликтүү бюджет эсебинен 70629 “Коммуналдык чарба” бөлүмүнүн 3112 каралган “ Машиналар жана жабдуулар” беренесиндеги КР ИИМ видео көзөмөл орнотууга каралган 105,0 миң сом, айыл аймагына таштандыларды ар тарапка төгүүсүнө жол бербөө максатында аны көзөмөлдөө үчүн видеокөзөмөл сатып алууга боюнча багыты өзгөртүлсүн.
7.Кыргыз Ркспубликасынын Бюджеттик Кодексине ылайык 2024-жылга бекитилген бюджеттин чыгашаларына өзгөртүү киргизүү жана планды тактоо. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
8.Токтомдо бекитилген акча каражатын натыйжалуу жана өз багытында пайдалануу С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына К.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
Төрага : |
А.Мавлянов |