Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 30-июлундагы №1
“Айыл чарба багытындагы жерлери”
категориясынан “Калктуу конуштардын”
категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин Кодексинин 4,13,25 жана 31- беренелеринин ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикти башкаруу “ жөнүндөгү мыйзамына ылайык С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 30-июль 2025-жылдагы № 680 сандуу катынын жана Кадастр мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын 25.06.2025-жылдагы №01-16/174 сандуу корутундусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Мундуз айылындагы азыркы учурда иштеп жаткан таза суу башатынын (скважина) ээлеп турган жалпы 160,0 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер аянты калктуу конуштардын категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовко милдеттендирилсин.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |