Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Айры-Там айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2026-жылдын 16-мартындагы №2/12
“Айры-Там айыл аймагына караштуу жайыт жана башка категориядагы жер аянттарын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын "Суугат айдоо жерлеринин жарактуу жерлерин башка категорияларына жана түрлөрүнө которуута мароторий киргизүү жөнүндө" мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак жай үйлор курулуп калган Айры Там айыл аймагына караштуу 38 жаранга жайыт жана башка жер аянттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 сандуу токтомун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү туралуу” №291 токтомунун, Кыргыз республикасынын Президентинин 15.12.2025-жылдагы жарлыгынын, Айры-Там айылдык кенешинин 4-сентябрь 2024-жылдагы №12/40 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- 39- беренелерине ылайык, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын 2026-жылдагы кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айры-Там айылындагы:
- № 1372,1437,1390 контурунда
Ажек айылында
-№ 622.338.337,1015,1062 контурунда
Совет-Сай айлында
-№ 880,860,1071,995,101
Кара-Ункур айылында
-№29,26,122,35 контурунан
Жаны-Шаар айылында
-№.1361,1336 контурунда
Алма-Бел айылында
-№ 516 контурунда
Ак-Башат айылынан № безконтур.
Жалпы жайыт жана башка категориядагы жер аянттарын калктуу конуштар жерлери категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрь №512 сандуу токтомунун негизинде айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
Төрага: | М.Кулуев |