Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 30-июлундагы №2
Жер аянтын муниципалдык
менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин Кодексинин 4,13,25 жана 31- беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикти башкаруу “ жөнүндөгү мыйзамына ылайык С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 30-июль 2025-жылдагы № 673 сандуу катынын Кадастр мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын 18.12.2024-жылдагы №01-16/613 сандуу корутундусунун жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын 10.12.2024-жылдагы №01-05/380 корутундусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Жаны-Жер айылынын №596 контурундагы өндүрүш алдындагы жалпы 400,0 чарчы метр жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке алынсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовко милдеттендирилсин.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |