Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 30-июлундагы №3
“Айыл чарба багытындагы жерлери”
категориясынан “Калктуу конуштардын”
категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин Кодексинин 4,13,25 жана 31- беренелеринин ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикти башкаруу “ жөнүндөгү мыйзамына ылайык С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 30-июль 2025-жылдагы № 678 сандуу катынын Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 22.12.2023-жылдагы №81 протоколунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Кашкар-Маала айылынын №399 контурундагы айыл чарба багытындагы жерлери категориясындагы 160,0 чарчы сугат айдоо жер аянтына таза суу башатын (свкажина ) куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлери категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовко милдеттендирилсин.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |