Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
2026-жылдын 16-марты № 3/2
2025-жылдын 12-ноябрь №15/6 токтому менен бекитилген Тоголок-Молдо айыл аймагынын 2025-2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына толуктоолорду киргизүү жана Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун алкагында каржылоого сунушталган чакан долбоор тууралуу
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестицияллоо агенттиги (АРИС) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Коомдоштуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоорунун” талаптарына, жумушчу топтун 12-март 2026- жылдагы протоколуна, коомдук угуунун жыйынтыгына таянып Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Тоголок-Молдо айыл аймагынын курамына кирген айылдарда Жумушчу топ тарабынан өткөрүлгөн фокус топтук талкуулоонун жана айылдарда онлайн аркылуу талкуулоо жана добуш берүүнүн жыйынтыгында аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар талкууланып,жумушчу топтун протоколундагы тизме боюнча Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кенешинин 12-ноябрь 2025-ж № 15\6 токтому менен бекитилген Тоголок-Молдо айыл аймагынын 2025-2030- жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын тийиштүү бөлүмдөрүнө 1-тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.
2. Коомдоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоорунун (НПИС) алкагында каржылоо үчүн Социалдык-экономикалык өнүгүүү программасынын иш-аракеттер планына ылайык төмөнкү чакан долбоорлор сунушталсын;
- Социалдык инфраструктуралык чакан долбоордун аталышы:
1. “Ак-Кыя айылынынын таза суусун ремонтто”
2. “Кадыралы айылындагы С.Атамбеков мектебин жылуулоо”
3. “Ак-Тал айылынын А.Турдакунов мектебинин №2 корпусун ремонтто”
4. “ Жаны-Талап айылы Байымбет мектебине мастерской куруу
5. “Кара-Ой айылынын Маданият үйүн ичин ремонттоо
6. “Жаны-Талап айылынын борбордук көчөгө тротуар куруу
7. “Кадыралы айылынын бала бакчасына инвентарь алуу
- Экономикалык багыттын аталышы; “Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кара-Ой айылына этти кайра иштетүүчү чакан ишкана ачуу;
3. Айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр милдеттендирилсин;
3.1 Социалдык инфраструктуралык чакан долбоор боюнча зарыл болгон документтердин топтому даярдалып,АРИСке жөнөтүлсүн.
3.2 Долбоор тарабынан бөлүнө турган акча каражаты жетпей калган учурда жергиликтүү бюджеттен кош каржылоо камсыз кылынсын;
3.3 Чакан долбоорду ишке ашырууда ачык-айкындуулук жана коомчулукту маалымдоо камсыз кылынсын.
3.4 Экономикалык багыт боюнча Коомоштуктардын демилгелери боюнча улуттук долбоордун конкурсуна тийиштүү документтер даярдалып тапшырылсын.
4. Ушул токтом www.toqolok-moldo.qov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5.Каттоодон өткөрүү жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы М.Орозобековага тапшырылсын.
6. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрайым | Г. Бегимкулова |