Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 30-июлундагы №4
Өнөр жайдын , транспорттун ,байланыштын,
коргоонун жана башка багыттагы жерлери
категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин Кодексинин 4,13,25 жана 31- беренелеринин ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикти башкаруу “ жөнүндөгү мыйзамына ылайык С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 30-июль 2025-жылдагы № 564 сандуу катынын жана Кадастр мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын 02.10.2023 -жылдагы № 01-16/267 сандуу корутундусунун жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын 28.09.2023-жылдагы №03/681 корутундусунун жер жана суу чарбасы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 29.07.2025-жылдагы отурумун талкуулап Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылындагы №426-контурундагы 8,20га таштуу жайыт категориясындагы жердин 3,0га жер аянтына таш дробилкасын жана ЖБИ ишканасын куруу үчүн өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын , коргоонун жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовко милдеттендирилсин.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |