Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 30-июлундагы №6
Өнөр жайдын , транспорттун ,байланыштын,
коргоонун жана башка багыттагы жерлери
категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрилер Кабинетинин 04.11.2024-жылдагы №665 токтомунун негизинде С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 30-июль 2025-жылдагы № 681-в сандуу катынын ,Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын 25.03.2025-жылдагы №24-01-19/364 сандуу катынын жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын 20.05.2023-жылдагы №06-05/443 корутундусунун жана Кадастр мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын 21.05.2025-жылдагы № 01-16/467 сандуу корутундусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл аймагына караштуу Кызыл-Багыш айылынын №5 контурундагы жалпы 5,0га айыл чарба багытындагы жерлери катерогиясындагы сугат айдоо жер аянтына бажы терминалын жана убактылуу сактоо кампаларын куруу үчүн өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын, коргоонуунун жана башка багыттагы категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовко милдеттендирилсин.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |