Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 30-июлундагы №8
Жер аянтын муниципалдык
менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,31,78-беренелерине таянып Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчикти башкаруу” жөнүндөгү мыйзамына ылайык С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2025-жыл 18.06.2025-жылдагы № 536 сандуу кайрылуусунун жана Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын 26 .03.2024-жылдагы №01/244корутундусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Кара-Жыгач айылынын Караң-Колот участкасындагы № 331 контурунда жайгашкан жалпы 0,10 чарчы метр курулуш астындагы жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовко жүктөлсүн.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |