Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 30-июлундагы №10
Жер тилкесинин багытын
өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин ылайык С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 29.07.2025-жылдагы №675-б сандуу кайрылуусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Бек-Абад айылынын тургуну Кубатбеков Алтынбектин арызынын негизинде Кызыл-Багыш айылынын Ош –Бишкек автожолунун боюндагы 3-05-10-1013-0221 сыр белгиси менен катталган жеке менчик турак-жай багытындагы жер тилкесин мечит куруу багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |