Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
2026-жылдын 16-марты № 3/4
Тоголок Молдо айылдык кеңешинин штаттык санынын чегин, түзүмүн жана расписаниесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык санынын чегин, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө» №81 токтомун аткаруу максатында , токтом кылат:
1. Тоголок Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин штаттык санынын чеги жана түзүмү 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тоголок Молдо айылдык кеңешинин штаттык расписаниеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом менен жооптуу катчысы Орозобекова Майрамкан Токтогуловнага тааныштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Негизи: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы №81 токтому жана Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин сессиясынын протоколу.
Төрайым | Г. Бегимкулова |