Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
2025-жылдын 30-июлундагы №11
Башкы планды өзгөртүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесинин негизинде
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 30.07.2025-жылдагы № 680-б сандуу кайрылуусунун жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын кезектеги отурумунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу Кызыл-Багыш айылынын К.Калилов №35 дарегиндеги 3-05-10-1013-0014 сыр белгиси менен катталган “Калктуу конуштун жерлери” категориясындагы жалпы 0,10 жер аянты мурдагы жамааттык мечит үчүн ажыратылып берилип , мамлекеттик актысы даярдалып Кадастр мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалына каттоодон өткөн.Бирок азыркы учурда Тургунбаев Мамасыдык дарегиндеги жаны мечит курулуп пайдаланып жаткандыгына байланыштуу, жогорудагы мечиттин ордуна ФАП куруу үчүн башкы планын( гос актысын) багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовко жүктөлсүн.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |