Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX
чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2025-жылдын 7-августундагы №1
Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүктүрүү программасына кирген, «Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнө атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долборун,Сузак райондук Өнүктүрүү фонду мекемесине сунуштоо жөнүндө»
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн максаттарын,
милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, програмасына кирген, С.Атабеков айыл өкмөтүнө атайын таштанды ташуучу техника сатып алуу долбоорун, Сузак райондук Өнүктүрүү фонду мекемесине кредиттик негизде сатып алууга сунуштоо боюнча, Атабеков муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Ормоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн социалдык экономикасын өнүктүрүнүн максаттарын,милдеттерин жана иш-чараларын камтыган, социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасындагы иш планындагы, С.Атабеков айыл өкмөтүнө кредиттик негизде жылдык пайызы 2% өлчөм менен 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сомго 7 (жети) жылдык мөөнөт менен атайын таштанды ташуучу техника сатып алууга күрөө катары имарат кою үчүн, имарат аныктоо максатында долбооруна сунушталган коммерциялык сунуштардын жана тийиштүү документтеринин негизинде даярдалсын.
2.С.Атабеков айыл өкмөтүнө кредиттик негизинде жылдык пайызы 2% өлчөм менен
3 500 000 (үч миллион бещ жүз миң) сомго 7 (жети) жылдык мөөнөт менен атайын
таштанды ташуучу техника сатып алууга күрөө катары имарат коюүчүн,С.Атабеков
айыл аймагынын Бек-Абад айылындагы С.Атабеков айыл өкмөтүнүнбалансасында
турган “Семетей” имаратын күрөөгө коюу маселеси бир добуштан жактырылсын.
3.С.Атабеков айыл өкмөтүнө кредиттик негизде жылдык пайыз 2 % өлчөм менен 3 500 000 ( үч миллион беш жүз миң) сомго 7 (жети) жылдык мөөнөт менен атайын таштанды ташуучу техника сатып алууга курөө катары имарат коюу үчүн, С.Атабеков айыл аймагынын Бек-Абад айылындагы С.Атабеков ацыл өкмөтүнүн балансасында турган “Семетей” имаратын күрөөгө коюу маселеси “Мамлекеттик Финансылык Холдинг” Ачык Акционердик Коомунун Жалал-Абад обласындагы өкүлчүлүгүнө даярдап сунушталсын.
Төрага : |
А.Мавлянов |