Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин IX
чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
2025-жылдын 7-августундагы №2
Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнө « Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коому аркылуу кызматтык авто унаа алууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесине ылайык, «Мамлекеттик лизинг компаниясы» ачык акционердик коомунун 2025-жылдын 30-июлундагы чыгыш № 1-08-2/210 сандуу катын жана С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 -августундагы чыгыш № 695 сандуу катын негизинде айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жыл 7-августундагы отурумунун протоколун жана сунушун талкуулап Сайпидин Атабеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчыларына керектелүүчү автотранспорт каражаттары Шевроле Треквер авто унаасын лизинг аркылуу 5 жылдык мөөнөткө алууга жыл сайын жергиликтүү бюджеттен төлөп турууга кепилдик берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Акматовко милдеттендирилсин.
3.Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |