Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 481 токтомуна)
2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
1-глава. Киришүү
Кыргыз Республикасында тил саясаты мамлекеттик башкаруу, билим берүү, маданият жана коомдук мейкиндикке интеграциялоо маселелери менен тыгыз байланыштуу, бул аны мамлекетти туруктуу өнүктүрүү үчүн артыкчылыктуу кылат, анын өзөгүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын коомдук турмушта колдонулушун кеңейтүү маселеси камтылган.
Мамлекеттик тил жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүүнүн, социалдык биримдикке жана коомдун ынтымагына жетүүнүн негизи болуп эсептелет, ошондуктан адамдын жашоосунун бардык чөйрөлөрүндө анын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Мамлекеттик тилдин өнүгүшү - коомду консолидациялоодо негизги фактор. Көп тилдүүлүк жана маданий ар түрдүүлүк шарттарында ал элдин ынтымагын чыңдоого өбөлгө түзүү менен бириктирүүчү ролду ойнойт.
2026-2028-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы (мындан ары - Программа) бул чөйрөдөгү учурдагы саясаттын уландысы болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын, Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолун жана башка стратегиялык документтерди ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.
Программада мамлекеттик тил саясатынын стратегиялык максаттары жана артыкчылыктуу милдеттери, ошондой эле аларга жетүүнүн механизмдери аныкталат.
Программа Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын мамлекеттик тилди үйрөнүүгө мыйзамда белгиленген кепилдиктерин жана укуктарын сактоо менен ишке ашырылат. Мындан тышкары ал Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик тилди жайылтууга, расмий жана эне тилдерди сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган.
Программа мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнестин, коомдук уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен иштелип чыккан.
2-глава. Учурдагы кырдаалга жалпы талдоо
2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгилде Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил саясаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510 "Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Программанын алкагында ишке ашырылып келди.
Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары статусун жогорулатуу, аны жарандык консолидациялоонун, маданий өзгөчөлүктүн жана мамлекеттик иденттүүлүктүн негизги фактору катары бекемдөө бул программанын негизги максаты болгон. Программа тилдин иштешинин укуктук негиздерин чыңдоого, аны окутуудагы ыкмаларды модернизациялоого, тилдик чөйрөнү санариптештирүүгө, жарандардын бардык категориялары үчүн тилдик билимге жеткиликтүүлүктү камсыздоого жана тилди күнүмдүк жашоонун бардык чөйрөлөрүндө колдонуу үчүн шыктандыруучу база түзүүгө багытталган.
Беш жылдык мөөнөттө жогоруда аталган Программанын ишке ашырылышы маанилүү институционалдык жана маңыздуу натыйжаларды берди. 2023-жылы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынып, анда кыргыз тилинин милдеттүү колдонуу чөйрөлөрү аныкталган: мамлекеттик, муниципалдык органдардын иши, соттук өндүрүшү, билим берүү, коргоо жана укук коргоо иши, ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, иш кагаздарын жүргүзүү, географиялык аталыштар, жарнама, жалпыга маалымдоо каражаттары, колдонуучу интерфейстер, транспорт жана калкты тейлөө чөйрөсү. Кыргыз тилиндеги документ жүгүртүүнүн үлүшү 60%дан (2020-ж.), 79%га (2025-ж.) чейин өстү.
Тил саясатын санариптештирүүнүн алкагында кыргыз тилин үйрөнүү үчүн электрондук платформалар жана мобилдик тиркемелер иштелип чыкты жана ишке киргизилди, аларды 10000ден ашык адам пайдаланууда. Электрондук терминологиялык база түзүлдү, иш кагаздарын жүргүзүү шаблондорду, нускамаларды жана методикалык материалдарды иштеп чыгуу менен стандартташтырылды, тилди илгерилетүү боюнча иш-чаралар коомдук акциялар, семинарлар, конкурстар, тренингдер жана жарандарды, өзгөчө жаштарды тартуунун башка формалары аркылуу активдештирилди.
Жогоруда аталган Программа бир катар жагымдуу факторлордун фонунда ишке ашырылды. Алардын арасында - саясий эрктин жана мамлекеттик деңгээлде колдоонун болушу, улуттук өзүн-өзү аныктоо жана маданий аң-сезимди таануу процесстеринин күчөшү, кыргыз иденттүүлүгүн бекемдөөгө коомдук суроо-талап, санариптик инструменттерди өнүктүрүү, ошондой эле билим берүү мекемелеринде окутуу тилине жана менчигинин формасына карабастан кыргыз тилин милдеттүү түрдө окутуунун мыйзамдык жактан бекитилиши. Көп тилдүү жана көп маданияттуу чөйрөдө жашоонун тарыхый тажрыйбасы да маанилүү ресурс болуп, бул өлкөнүн бардык этностук топторунун эне тилдеринин өнүгүшүнө да өбөлгө түздү. Миграциялык процесстер бир жагынан чет тилдерди үйрөнүүгө кызыгууну жаратса, экинчи жагынан кыргыз тилин мамлекеттик коммуникациянын жана элдин биримдигинин негизги каражаты катары сактоо жана өнүктүрүү зарылдыгын актуалдаштырды.
Бирок жогоруда аталган Программаны ишке ашыруу бир катар олуттуу тоскоолдуктарга да туш болду. Негизги чектөөлөрдүн арасында аткаруунун жана контролдоонун натыйжалуу механизмдеринин жоктугун, ведомстволор аралык мамлекеттик өз ара аракеттенүүнүн үзгүлтүккө учурашын, институционалдык координациянын алсыздыгын, ошондой эле тил саясатын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү системасынын жетишсиз өнүккөндүгүн баса белгилөөгө болот.
Экономикалык кыйынчылыктар жогоруда аталган Программанын артыкчылыктуу багыттарынын бөлүктөрүн ишке ашырууну да татаалдаштырды. Илимий жана иштиктүү чөйрөдө кыргыз тилинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн чектелгендиги олуттуу тоскоолдук бойдон калууда, узак убакыт бою тилдин өнүгүшү көбүнчө адабий-көркөм контекстте гана болгон, бул заманбап илимий, техникалык жана кесиптик лексиканын тартыштыгына жана чектелүүсүнө алып келди.
Айрым чөйрөлөрдө кыргыз тилин бүтүндөй улуттун эмес, бир гана этностун тили катары кабыл алуу сакталууда. Бул калктын бир бөлүгүндө аны үйрөнүүгө болгон кызыгууну төмөндөтүүдө жана мамлекеттик тилдин жалпы руханий-маданий баалуулук катары өнүгүшүн токтотууда. Ошону менен бирге тилдин социалдык статусун жогорулатуу жана аны популярдаштыруу маанилүү милдет бойдон калууда.
Бирок мамлекеттик башкаруу системасында тилди мажбурлап ишке киргизүү өзгөчө шаарлардагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тилди билүү деңгээлин түп-тамырынан бери жакшыртпайт. Кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүүгө өтүү стандарттардын, сөздүктөрдүн, шаблондордун жана санариптик инструменттердин жетишсиздигинен улам татаалдашууда. Мыйзамдарда жана практикада базалык терминдердин ("эне тил", "мамлекеттик тил" жана "расмий тил") бирдиктүү түшүнүгү жоктугунан улам укуктук жана уюштуруучулук баш аламандык жаралууда.
Мамлекеттик тилде заманбап жана кызыктуу контенттин тартыштыгы олуттуу чакырык бойдон калууда. Башка өлкөлөрдүн санариптик мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстандын потенциалы менен салыштырууга болбойт. Сапаттуу контентти түзүү олуттуу финансылык салымдарды талап кылат, ошол эле учурда мындай контенттин рыногу азырынча өнүгө элек жана экономикалык туруксуз бойдон калууда. Мындан тышкары күнүмдүк тилдик практиканын жөнөкөйлөшүүсүнүн өсүшү жана илимий тилдин эскиргендиги байкалууда, бул лингвистикалык ыкманы модернизациялоону жана терминологиялык базаны жаңыртууну талап кылат.
Билим берүү системасында тилди практикалык өздөштүрүү көндүмдөрүн калыптандырбаган, механикалык жаттап алуу практикасы сакталууда. Деңгээлдер боюнча окутуу системасы (A1, B1, В2, C1, С2) жок, ал окутууну эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүүгө мүмкүндүк бермек. Натыйжада мектептердин жана ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тилди кесиптик иш үчүн жетиштүү көлөмдө билбейт.
Билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин окутуунун учурдагы системасы терең трансформацияга муктаж. Эскирген методикалар, билим алуучулардын шыктануусунун төмөндүгү, өзгөчө тилди эне тили же чет тили катары окутуу жаатындагы педагогдордун жетишсиз даярдыгы, ошондой эле тилди билүү деңгээлин (A1, B1, С1 ж.б.) эске алуу менен жекелештирилген программалардын жоктугу билим берүү процессинин натыйжалуулугун олуттуу төмөндөтүүдө. Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү мекемелериндеги кырдаал өзгөчө тынчсызданууну жаратууда, ал жерде кыргыз тилин окутуу көбүнчө заманбап методикалык жана педагогикалык стандарттарга шайкеш келбейт. Кыргыз тилин экинчи тил катары үйрөнүү системасы да олуттуу толуктап иштеп чыгууну талап кылат. Мында окутуучулар тарабынан көрүлгөн шыктандыруу чаралары жана эмоционалдык колдоо чоң роль ойнойт.
Мамлекеттик тилди милдеттүү билүү талабы кээде жарандардын укуктарын чектеген тоскоолдук катары кабыл алынууда, ошол эле учурда тилди ыктыярдуу жана шыктануу менен үйрөнүү үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөн эмес. Дүйнөлүк практикада мамлекет мамлекеттик тил боюнча акысыз курстарды уюштурат, тоскоолдуктарды эмес, шыктанууну түзүү менен зарыл болгон инфраструктураны жана жеңилдиктерди камсыз кылат.
Башка түзүмдүк проблемалардын арасында - тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча аткаруу тартибинин начардыгы, тил саясатын өнүктүрүү боюнча илимий базанын чектелгендиги, ошондой эле кыргыз тилинде сапаттуу, актуалдуу, мультимедиалык контентти иштеп чыгуу жана жайылтуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрлардын жоктугу да бар. Санариптик чечимдердин жана аналитикалык мониторинг системаларынын начар өнүгүшү прогрессти баалоо жана чараларды реалдуу убакытта адаптациялоо мүмкүнчүлүктөрүн да чектейт.
Башкаруу системасындагы олуттуу проблемалардын бири өнүгүүнүн жана эл аралык интеграциянын ресурсу катары көп тилдүүлүктүн маанилүүлүгүн түшүнбөстүк болуп саналат. Этностук топтордун тилдик кызыкчылыктарына көңүл бурбоо жана тар тилдүү мамиле кылуу глобалдык эмгек рыногунда Кыргыз Республикасынын жарандарынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн начарлатат жана социалдык ажырымдын өсүшүнө түздөн-түз алып келет.
Эркин рынок шарттарында англис тилине (биринчи кезекте IT-секторунун жана глобалдык мобилдүүлүктүн өнүгүшү менен шартталган) жана жумушка орношуу жана коммуникация үчүн зарыл болгон орус тилине жогору суроо-талап байкалууда. Бул мамлекеттик тилдин кадыр-баркын түшүрөт жана калк тарабынан аны үйрөнүүгө карата жумшак каршылыкты жаратат.
Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан кыргыз тилин өнүктүрүүгө артыкчылыктуу басым жасалууда, ошол эле учурда этностук коомчулуктардын эне тилдерин колдоого жана атаандаштыкка жөндөмдүү ресурс катары көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө көңүл бурулбай калууда. Өлкөдөгү этностук жана тилдик топтордун көп түрдүүлүгү инклюзивдүүлүккө, билингвизмди колдоого жана көп тилдүү билим берүүнү сактоого негизделген тил саясатын талап кылууда.
Бул факторлорго көңүл бурбоо социалдык чыңалуунун өсүү тобокелдигин жаратат, эне тилдерди сактоо жана мамлекеттик тил саясатынын деңгээлинде башка тилдерди өнүктүрүү боюнча чаралар менен катар мамлекеттик тилди илгерилетүүнү талап кылат.
Мамлекеттик тилдин маданий өнүгүү, билим берүү жана карьералык мүмкүнчүлүктөр менен байланышы аны популярдаштырууну жөнөкөйлөтө тургандыгын талдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле тилди билүү деңгээлинин критикалык ой жүгүртүүнүн, санариптик көндүмдөрдүн жана кесиптик талаптын өнүгүшү менен тыгыз өз ара байланышы байкалууда.
Азыркы учурда мамлекеттик тилди колдоо боюнча формалдуу декларациядан системалуу, башкарылуучу жана натыйжага багытталган тил саясатына өтүү зарылдыгы анык болууда. Мамлекеттик тилдин туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече багыттардагы так жана макулдашылган иш-аракеттерди жүргүзүү зарыл:
- тил саясатын башкаруу системасын институттук бекемдөө;
- тил саясатынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо инструменттерин ишке киргизүү;
- мамлекеттик тил боюнча кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын трансформациялоо;
- билим берүү стандарттарын жана окутуу методикаларын модернизациялоо;
- мамлекеттик тилде медиапродукцияларды жана контентти түзүүгө дем берүү;
- санариптик сервистерди кеңейтүү, ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдүн, кесиптик карьеранын жана жарандык иденттүүлүктүн тили катары кыргыз тилинин оң аброюн калыптандыруу.