Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын III сессиясы
2026-жылдын 16-марты № 3/5
Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин 22-декабрь 2025-жыл №17\3 токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген жобого ылайык, Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап чыгып, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоголок-Молдо айылдык кенешинин 22-декабрь 2025—жылдагы № 17/3 токтом “Тоголок Молдо айыл аймагынын көрүстөндөрүндөрүндө көмүү жайларын брондддоо тартиби жөнүндө сунушталган ЖОБОГО төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-глава,6-пункт томонкү иазмундагы абзац менен толукталсын:
Көмүү жайларын брондоонун наркы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
БН = ЭК+ К, мында:
БН- брондоонун наркы,
ЭК – админсративдик- аймактык бөлүүнүн градациясы боюнча аныкталуучу эсептик көрсөткүч (республикалык маанидеги шаарлар үчү -1000 (бир мин), облустук маанидеги шаарлар- 750(жети жүз элүү) жана райондук маанидеги шаарлар жана айылдар – 500(беш жүз).
К – маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтар түзүлгөн жана иштеген жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүчү кошумча кызматтардын коэффициенти. Кошумча кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкулөр кирет:
- Көрктөндүрүү (жолдор,тосмолор, жарыктандыруу);
- Жашылдандыруу жана бак-дарактарга кам көрүү;
- Суу менен камсыздоо (сугаруу,техникалык муктаждыктар);
- Дааратканалар болгон учурда турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу ж.б
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген жобого ылайык, Тоголок-Молдо айыл аймагынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо боюнча иш алып барууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Акматовга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом www.toqolok-moldo.qov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу регламент,депутаттык этика жана мандат, мызамдуулукту укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г. Бегимкулова |