Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-июну № 25
Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы № 11 “Кара-Балта шаарында суу менен жабдууну жана канализацияны пайдалануунун эрежелерин жана “Кара-Балта шаарынын канализация системасына өндүрүштүк саркынды сууларды кабыл алуунун эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33-беренесине ылайык, «Дан» мамлекеттик ишканасынын 16.04.2025-жылындагы №01.1-6/59 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы №11 токтомунун 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
2. «Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелери» жана «Кара-Балта шаарынын канализация системасына саркынды сууларды кабыл алуу эрежелери» бекитилсин.
2.1. Кара-Балта шаарынын «Дан» мамлекеттик ишканасы Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 4-июнундагы № 11 токтомуна ылайык «Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелерин» жетекчиликке алсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго тапшырылсын.
___________________
Таркатылсын: көктөмөгө, Кара – Балта ш.мэриясына, “Дан”МИге, КР ЮМга.
Кеңештин төрагасы | М. Дуйшеналиев |