Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-январы № 86
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын 2026-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндө
Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн каржы- экономика жана эсеп боюнча башкы адиси А.Ибраимованын 2026- жылга жергиликтүү бюждеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү жөнүндө,ошондой эле 2027-2028 жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн болжолдуу планы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 122907,5 миң сом өлчөмүндө, атайын каражаттарды эске алуу менен бекитилсин.
- Бюджет -118807,5миң.сом;
- атайын каражаттар -4100,0миң.сом;
2. 2026-жылга жергиликтүү бюжеттин киреше бөлүгү атайын каражаттарды эске алуу менен 122907,5миң сомөлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын 2026-2027-жылдарга бюджетинин киреше бөлүгү боюнча №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды эске алуу менен 122907,5миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2026-жылга Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
6. 2026-жылга Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн аппаратынын, туракжай - коммуналдык чарбасынын, китепканасынын, маданият үйүнүн жана дене- тарбия жана спорт мекемесинин штаттык жүгүртмөсү №4 жана №5 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
7. Контракттык негизде 6 кызматкер ( 70111 бөлүмү боюнча), анын ичинде аппараттын кызматкерлери,4 айыл башчы жана 2 делегирленген кызматкер кармалысн.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1- августундагы №266 Жарлыгына ылайык муниципалдык кызматкерлердин эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине кызматтык маянасына 50 пайыздык үстөк акы белгиленсин.
9. 01.01.2026-жылга карата негизги эсеп боюнча 24645,8миң.сом суммасында акча каражаттарынын эркин калдыгы бекитилсин.
10. 2026-жылдын 1-январына карата атайын эсептеги 1964,1 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаттарынын эркин калдыгы бекитилип, чыгашалар сметасына ылайык бөлүштүрүлсүн.
11. 2026-жылы Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо биринчи кезекте корголгон чыгаша беренелери ( эмгек акы, социалдык фондко, камсыздандыруу төгүмдөрү, тамак- аш жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр) боюнча жүргүзүлсүн.
12. 2026-жылы бюджетти аткаруу учурунда айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн кирешелер социалдык- экономикалык өнүгүү планын ишке ашырууга багытталсын.
13. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А. Касымбековко жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |