Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз V сессиясы
2026-жылдын 20-майы № 5/1
Тоголок -Молдо айыл өкмөтунун 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү жөнундө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап,депутаттардын Тоголок-Молдо айылдык Кенешинин кезектеги V сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоголок-Молдо айыл аймагындагы беш айылдын “Баатыр энелерин” жана эмгектеги жетишкендиктерди көрсөткөн энелерди “Энелер күнүнө”карата сыйлоо белектерин берүү үчүн 205 (эки жүз беш) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Тоголок-Молдо айыл аймагынын 2025-2026- окуу жылындагы облустук жана республикалык денгээлде жетишкендиктери жана мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөткөндүктөрү үчүн акчалай сыйлыктар берилсин.
3. Тоголок-Молдо айыл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетинен, 19 (он тогуз) мугалимге 5(беш мин) сомдон , 14 (он төрт) окуучуга 2,0( эки мин) сомдон, жалпы 123 (бир жүз он үч мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бул акча каражатынын мыйзамдуу жагын карап бөлүп берүү жагы Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары
5. Кадырбек уулу Бексултанга жана ФЭБнун башчысы К.Абдиевге тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү кенештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик инвестиция ишкердик жана ички экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | Г. Бегимкулова |