Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын XV сессиясы
2026-жылдын 20-майы № 5/2
Тоголок-Молдо айыл аймагынын Жаны-Талап айылындагы маданият жана тарыхий эстеликтери болгон Тайлак баатырдын жана Атантай бийдин күмбөздөрүн мамлекеттик коргоого алуу жөнундө
Кыргыз Республикасынын 26-июль 1999-жылдагы “Тарыхий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” № 91 мыйзамынын 10-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 15-июль 2011-жылдагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101 мыйзамынын 47- беренесинин 1-пункттунун 3-пунктчасына ылайык маданият жана тарыхий эстеликтерин коргоого алуу боюнча Тоголок-Молдо айыл аймагынын Жаны-Талап айылындагы кыргыздын белгилүү баатыры Тайлак баатырдын жана Атантай бийдин күмбөздөрү республикалык маанидеги тарыхий эстелик болуп киргендиктен Тоголок-Молдо айылдык кенеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тоголок-Молдо айыл аймагынын Жаны-Талап айылында жайгашкан Кыргыздын белгилүү баатыры Тайлак баатырдын жана Атантай бийдин күбөздөрү Ак-Талаа райондук маданият бөлүмүнүн балансасына алынсын.
2. Токтомду аткарууга алуу архиеологиялык эстеликтин укук күбөлөндүрүүчү документтерин (мамлекеттик гос акт) бүткөрүү Тоголок-Молдо айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Кадырбек уулу Бексултанга тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу регламент,депутаттык этика жана мандат, мызамдуулукту укук тартибин сактоо,жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Тоголок-Молдо айылдык кенешинин 2025-жылдын 12-ноябрындагы №15/5 токтому жокко чыгарылсын.
5. Ушул токтом www.toqolok-moldo.qov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
Төрайым | Г. Бегимкулова |