Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-февралы № 95
Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын жана төлөө мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74,76- беренелерине ылайык Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча адиси Тентиева Н. баяндамасын угуп жана талкуулап, Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын 2026-2027-2028-жылдарга төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
2. Жыл сайын жеке жана юридикалык жактар-ишкердик иши үчүн, бир жумушчуга 100 (жүз) сом өлчөмдө бекитилсин.
3. Жыйымды төлөө мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 1- апрелине чейин жүргүзүлсүн.
4. Жыйым боюнча эсептөө баракчасы (Form STI-158) үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин Мамлекеттик салык кызматынын аймактык башкармалыгына тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин бюджет, каржы-экономикалык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |