Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VI сессиясы
2026-жылдын 22-июну № 6/1
Тоголок Молдо айыл аймагынын Кадыралы жана Кара-Ой айылдарында 2026-жылга карата даярдалып жаткан долбоорду бекитүү жөнүндө
Тоголок Молдо айыл аймагынан Кадыралы айылынан 3,7 км электр энергиясынын аба чубалгысын оңдоп түзөөдөн өткөрүү жана Кара-Ой айылынын Чекенди-Талаа жана Кызыл-Эмгек участкаларында Нарын дарыясынын нугун буруу жана жээктерди коргоого(дамба куруу) боюнча даярдалган долбоорлор боюнча айыл өкмөтүнүн инвестиция боюнча адиси Курманбек кызы Мээримдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тоголок Молдо айылдык кенеши токтом кылат:
1. Тоголок Молдо айыл аймагынан Кадыралы айылынан 3,7 км электр энергиясынын аба чубалгысын оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн даярдалган долбоор бекитилсин.
2. Кара-Ой айылынын Чекенди-Талаа жана Кызыл-Эмгек участкаларында Нарын дарыясынын нугун буруу жана жээктерди коргоого (дамба куруу) боюнча даярдалган долбоорлор бекитилсин.
3. Долбоорлорду Нарын облусунун Тенир-Тоо өнуктүрүү фондусуна тапшыруу жагы Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Калмуратовга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кенештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция ишкердик жана ички экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г. Бегимкулова |