Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VI сессиясы
2026-жылдын 30-июну № 6/2
Томолой жетим балдарга жеке турак үй куруу үчүн жер тилкелерин берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын жер кодексин, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарды жетекчиликке алып, ошондой эле турак жайга муктаж жетим балдарды социалдык жактан колдоо максатындагы иштер боюнча Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы жолдош Ж.Калмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылдык кенеш, токтом кылат:
1. Тоголок-Молдо айыл аймагынын Кара-Ой айылынын жана Ак-Тал айылынын тургундары, турак жайга муктаж томолой жетим балдар Керимбекова Мадина жана Жоломанов Женишбекке жеке турак үй куруу үчүн мыйзам талаптарына ылайык жер тилкелерин берүү боюнча иштер жүргүзүлсүн.
2. Жер тилкелерин берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кезектүүлүк тартибинде жана тиешелүү документтердин негизинде ишке ашырылсын.
3. Айыл өкмөтүнө:
жер тилкелеринин бош фондун аныктоо;
- томолой жетим балдардын документтерин мыйзам талаптарына ылайык кароо
- жер тилкелерин берүү боюнча тиешелүү материалдарды даярдоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү иштерин уюштуруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин жер,архитектура курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрайым | Г. Бегимкулова |