Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-февралы № 101
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын жайыт акы боюнча төлөм ченемдерин бекитүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-майы №301 “Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү жөнгө салуу жөнүндөгү” токтомунун негизинде Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын жайыттар боюнча адиси М.Т. Молдокуловдун 2026-жылга карата төлөм ченемдерин өзгөртүп берүү боюнча талкуулап чыгып Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. 2026-жылга жайыт акынын төлөм ченемдери төмөндөгүдөй бекитилсин;
- ИММ (ийри мүйүздүү мал) – 200сом/ бир жылга;
- Жылкы – 200сом/бир жылга;
- 1 жашка чейинки ийри мүйүздүү мал – 100сом/бир жылга;
- 1жашка чейин жылкы – 100 сом/бир жылга;
- МММ - ( майда мүйүздүү мал) -50 сом/бир жылга;
2. Жайыт жерлерди башка багыттарга ижарага берүү төлөм ченемдери 1сот. жер тилкеси 500 сомдон 25000миң сомго чейин “жердин шартына жана колдонулган максатына жараша” бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеӊештин жер, агрардык суроолор, архитектура, муниципалдык менчик, жол, суу (таза жана сугат суу) жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
| Акматказиев М.А. |