Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-февралы № 102
Айыл өкмөт карамагында турган жерлерди ижарага берүү боюнча
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын жарандарынын кайрылууларын эске алуу менен жана Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А. Касымбековдун айыл өкмөттүн карамагындагы жерлерин ижарага берүү, баасын бекитүү боюнча ооз эки түрүндө сунуштарын карап, талкуулап чыгып жергиликтүү бюджетти көбөйтүү жана жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү максатында Сүймөнкул Чокморов айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлерди ижарага төмөнкүдөгүдөй тартипте берилсин:
- Сугат жерлер – 1га /10000 миӊ сом деп бекитилсин.
- Кайрак жерлер -1га /1500сом деп бекитилсин.
2. Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн карамагындагы жерлердин ижарага берүү мөөнөтү 1 жылдан 3 жылга чейин бекитилсин.
3. Айыл чарба мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага төмөнкүдөгүдөй тартипте берилсин:
- Сугат жерлер – 1га /8000 миӊ сом деп бекитилсин.
- Кайрак жерлер -1га /1500сом деп бекитилсин.
- Көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлер- 1 га/5000сом
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеӊештин жер, агрардык суроолор, архитектура, муниципалдык менчик, жол, суу (таза жана сугат суу) жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |