Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-майы № 104
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагындагы суу өтүүчү арыктарды Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө токтомуна ылайык Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагында жайгашкан ички каналдарды Аламүдүн райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Касымбеков Рустам Асаналиевичке тапшырылсын.
3. Бул токтом Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин (https://chokmorov.gov/kg/) расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Чүй облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеӊештин жер, агрардык суроолор, архитектура, муниципалдык менчик, жол, суу (таза жана сугат суу) жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |