Загрузка документа…
ТОГОЛОК МОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VI сессиясы
2026-жылдын 30-июну № 6/3
Тоголок-Молдо айыл аймагынын Көк-Жар калктуу конушуна
айыл статусун берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын админстративдик-аймактык түзүлүшү маселелерин кароо тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык, көрсөтүлгөн Тоголок-Молдо айыл аймагынын Көк-Жар калктуу конушуна айыл статусун берүү максатында, Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы жолдош Ж.Калмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тоголок-Молдо айылдык кенеш, токтом кылат:
1. Тоголок-Молдо айыл аймагынын Көк-Жар калктуу конушуна расмий айыл статусун берүү жөнүндө сунушу жактырылсын.
2. Көк-Жар калктуу конушуна айыл статусун берүү жөнундө тиешелүү материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга кароого жөнөтүлсүн.
3. Тоголок-Молдо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Калмуратовго бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл уюштуруу иштерин жургүзүү тапшырылсын.
4. Ушул токтом www.toqolok-moldo.qov.kg веб сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү катчы М.Орообековага тапшырылсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу ,жер, архитектура,курулуш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | Г. Бегимкулова |