Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-майы № 105
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын Октябрь айылындагы Гоголь көчөсүндө жайгашкан бала- бакчаны ижарага берүү жөнүндө
Жолдубаев Азимкул Акбаралиевичтин 2026-жылдын 2 жана 23-апрелиндеги жазган арыздарын карап жана талкуулап чыгып Октябрь айылынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, жергиликтүү тургундарга жумуш ордун түзүү максатында Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23- сентябрындагы №571 « Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде Октябрь айылынын Гоголь көчөсүндө жайгашкан Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жалпы аянты 1115,95 чарчы метр жер тилкеси 1,236га түзгөн эки кабаттуу имараты ижарага берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Касымбеков Рустам Асаналиевичке тапшырылсын.
3. Бул токтом Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин (https://chokmorov.gov/kg/) расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеӊештин жер, агрардык суроолор, архитектура, муниципалдык менчик, жол, суу (таза жана сугат суу) жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |