Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-май № 107
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагындагы №643 контурдагы 25 га жерди ижарага берүү жөнүндө
Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөт башчысы Касымбеков Рустам Асаналиевичтин жергиликтүү бюджетти толуктоо максатындагы сунушун карап жана талкуулап чыгып Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагында жайгашкан №643 контурдагы 25,0га жер тилкеси айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине бекитилсин.
2. Жергиликтүү бюджетти толуктоо максатында, Сүймөнкул Чокморов айыл аймагындагы № 643 контурдагы 25 га жерди ижарага берүү төмөнкү шарттар менен аткарылсын.
3. Өндүрүш максатында берилсин.
4. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын Октябрь айылындагы №643 контурдагы 25 га жер карьер максатында берилбесин.
5. Ижара акысынын өлчөмүн аныктоодо көз карандысыз баалоочунун корутундусунда көрсөтүлгөн баа негиз катары бекитилсин.
6. Бул токтом Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин (https://chokmorov.gov/kg/) расмий веб-сайтында жарыялансын.
7. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Чүй облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеӊештин жер, агрардык суроолор, архитектура, муниципалдык менчик, жол, суу (таза жана сугат суу) жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |