Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-майы №108
Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын Чүй айылындагы №358, 360 контурларында жайгашкан Корея фермасын айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысы Касымбеков Рустам Асаналиевичтин жазган арызын жана сунушун карап, талкуулап чыгып Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынын Чүй айылындагы №358,360 контурларда жайгашкан кореялык “СЭМАЫЛЬ” компаниясы тарабынан курулган Корей фермасы көз карандысыз баалоочунун корутундусунун негизинде Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Тиешелүү документтер мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысы Касымбеков Рустам Асаналиевичке жүктөлсүн..
3. Бул токтом Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин (https://chokmorov.gov/kg/) расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Чүй облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеӊештин жер, агрардык суроолор, архитектура, муниципалдык менчик, жол, суу (таза жана сугат суу) жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |