Загрузка документа…
СҮЙМӨНКУЛ ЧОКМОРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 14-майы № 109
Озёрный Северный участогунда кум-шагыл казып алуу үчүн жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
Сүймөнкул Чокморов айыл өкмөтүнүн башчысы Касымбеков Рустам Асаналиевичтин жергиликтүү бюджетти толуктоо жана муниципалдык мүлктү натыйжалуу пайдалануу боюнча жазган арызын жана сунушун карап, талкуулап чыгып Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджетти толуктоо максатында, Сүймөнкул Чокморов айыл аймагындагы Озёрный Северный участогундагы (контур №346,350) 11,58 га жер тилкеси “Четей групп” ЖЧКга кум- шагыл алуу үчүн ижарага берилсин, тиешелүү документтеринин мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу милдети айыл өкмөт башчысы Р.А. Касымбековго жүктөлсүн.
2. Ижара акысынын өлчөмүн аныктоодо көз карандысыз баалоочунун корутундусунда көрсөтүлгөн баа негиз катары бекитилсин.
3. Бул токтом Сүймөнкул Чокморов айылдык кеңешинин (https://chokmorov.gov/kg/) расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Чүй облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеӊештин жер, агрардык суроолор, архитектура, муниципалдык менчик, жол, суу (таза жана сугат суу) жана коммуналдык иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Акматказиев М.А. |